Коомуң менен куруп кал, кордук кылган балага. Кадамжайда каза болгон окуучуга арналган ыр
RU

Коомуң менен куруп кал, кордук кылган балага. Кадамжайда каза болгон окуучуга арналган ыр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун Кадамжай районунда 14 жаштагы кыз колдору артка байланып, жип менен муунтулган абалда табылган. Киши колдуу каза болгон кыздын окуясы жан кейитти. Он гүлүнүн бири ачыла элек өспүрүмгө төкмө акын Кутман Садыбакасов "Кадамжайлык карындаштын арманы" деп төктү.

Эске салсак, 14 жаштагы кыздын жансыз денеси 4-сентябрда табылган. Анын өлүмүнө шектелип 27, 25, 24 жаштагы жарандар кармалганы маалым болгон.

Каза болгон окуучу бир үй-бүлөнүн жалгыз кызы экени, анын сөөгү 5-сентябрда жерге берилгени кабарланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8247