Кадамжайда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кыздын окуясы. Бардык мечиттерде баяндар жасалат
RU

Кадамжайда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кыздын окуясы. Бардык мечиттерде баяндар жасалат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун Кадамжай районундагы өспүрүм кыздын мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө байланыштуу бардык аймактардагы мечиттерде баяндамалар жасалат. Бул туурасында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Муфтияттын маалыматына ылайык, өлкө аймагындагы мечиттерде бешим жана шам намазынан кийин балдардын тарбиясы, ыймандын жана адеп-ахлак, зынаанын шарияттагы орду, адам өмүрүнө кол салуунун кесепети, өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктардын алдын алуу жаатында баяндар болот.

Эске салсак, 4-сентябрда Кадамжайда 14 жаштагы кыз колдору артка байланып, жип менен муунтулган абалда табылган. Анын өлүмүнө шектелип 27, 25, 24 жаштагы жарандар кармалганы маалым болгон.

Каза болгон окуучу бир үй-бүлөнүн жалгыз кызы экени, анын сөөгү 5-сентябрда жерге берилгени белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8240