Ошто 8 жаштагы бала кутурмага шектелип ооруканага түштү
RU

Ошто 8 жаштагы бала кутурмага шектелип ооруканага түштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облустук ооруканасына кутурмага шектелген 8 жаштагы бала кайрылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкандай, бейтап 5-сентябрда ооруканага түшкөн.

Маалыматка ылайык, облустук жалпы дарыгердик борборуна 2014-жылы туулган бала кайрылган. Ал кутурмага шектелип инфекциялык бөлүмгө жаткырылып, тиешелүү адистердин катышуусунда консилиум өткөрүлдү.

"Бүгүнкү күнгө карата баланын абалы орто оор деп бааланууда. Бейтап зарыл болгон жардамдарды алууда. Карантиндик жана өзгөчө курч инфекция борборунун адистери кеңеш берүүдө", - дешет мекемеден.

Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 72 жаштагы кишини күчүк тиштеп алып, каза болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8257