Кутурма айыкпайт. Адистер өлүмгө жеткирген оорунун алдын алуу жолдорун айтышты
RU

Кутурма айыкпайт. Адистер өлүмгө жеткирген оорунун алдын алуу жолдорун айтышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 72 жаштагы кишини күчүк тиштеп алгандан кийин ооруканага түшүп каза болду. Ага алдын ала кутурма дигнозу коюлган.

Бул окуядан улам Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунан өлүмгө жеткирүүчү оору тууралуу айтып беришти.

Кутурма төмөндөгүдөй шарттарда жугат

Кутурма вирусу адамдарга дээрлик 99% учурда үйдө багылган ит, мышыктардан жугат. Тагыраагы, кутурма менен жабыркаган жаныбарлар адамды тиштеп же тытып алганда жараат аркылуу инфекция кирет. Ошол эле учурда кутурманы үй жаныбарлары гана эмес жапайы жаныбарлар да алып жүрүүчүлөр болуп эсептелет.

Оорунун белгилери

Кутурма оорусунун инкубациялык мезгили адатта 2–3 айды түзөт. Бирок кутурма вирусу жаракат алган жерге киргенине, адамдын жашына, жарааттын оор же жеңилдиген жараша 1 жумадан 1 жылга чейин созулушу мүмкүн. Кутурма оорусунун алгачкы белгилери 14 күндөн 90 күнгө чейинки аралыкта байкалып, дене тап көтөрүлүп, дене ооруйт, ошондой эле жаракат алган жер ачышып, кычышат. Вирус борбордук нерв системасына киргенде адамда ички дүйнөсүндө жана психикасында өзгөрүүлөр пайда болот.

Оорунун формалары

Күчөгөн маалында бейтап ээлигет. Сезүү органдары кичине таасирден эле дүүлүгүп, суудан, жарыктан, жаңырыктан, ызы-чуудан корко баштайт. Ооруну жеңилдетиш үчүн бейтапты караңгы бөлмөгө жаткырууу керек. Адамдын дем алуусу оорлоп, үнү бүтүп, шилекейи агып, тер басып, дене табы көтөрүлөт. Жулунуп, катуу кыйкырып, колуна тийген нерсени талкалай баштайт. Кийимдерин айрып, эмне кылып жатканын өзү аңдап билбей калат.

Кутурмадан улам шал болуп калуу. Бул этапта кутурма вирусу кирген жерден баштап булчуң иштебей баштайт. Оору акырындап курчуп, өлүмгө алып келет. Көбүнчө туура эмес диагноз коюлгандыктан оорунун бул түрүнөн каза тапкандар тууралуу маалыматтар аз болот.

Жаныбарлар тиштеп же тытып алганда эмне кылуу керек?

  • Тиштелген, жаракат алган жерди тез арада жылуу суу менен самындап жууп, анан йод же таза спирт менен сүртүү керек. Терең жараларды самындуу суун менен, мисалы, шприц же катетер менен жуу сунушталат.
  • Тез арада жакынкы жердеги медициналык пунктка кайрылып, дарыгер көрсөткөн дары-дармектерди алуу зарыл. Кутурмага каршы дарылануу курсун толук алуу шарт.
  • Дарыгерге тиштеп алган жаныбарды сүрөттөп берүү керек.

Кутурманы алдын алуу

  • Үйдөгү иттерди өз убагында эмдөөдөн өткөрүп, бош койбоо жана жаныбарларды ветеринардык кызматка каттоо;
  • Эгерде сиз жашаган аймактагы кайсы бир жаныбардан кутурма чыкса, анда үйдөгү малды, итти сөзсүз эмдетүү;
  • Балдарга башкалардын ит, мышыктарын сылап-сыйпалоого уруксат бербөө. Бул эрежени өзүңүз да сактаңыз.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8234