"Кан басымы туруктуу эмес". Дарыгер Матраимовдун эмнеси ооруп жатканын айтып берди
RU

"Кан басымы туруктуу эмес". Дарыгер Матраимовдун эмнеси ооруп жатканын айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бикард" кардиологиялык клиникасынын башкы дарыгери Дамир Осмонов Kaktus.media'га Райымбек Матраимовдун кан басымы туруктуу эмес деп билдирди.

Анын айтымында, бейтап аларга кайрылганда кан басымынын абалы критикалуу абалда болчу жана ушул убакка чейин турукташа элек.

"Абалы туруктуу эмес. Ал экстрендик түрдө көрүнүп, медициналык тешкреүүдөн өтүүгө тийиш, тагыраак айтканда коронарогрфия, бөйрөк артериясын ж.б. текшертүү зарыл", - деп Осмонов түшундүрдү.

Ал Матраимовдун абалы толук турукташканга чейин медициналык көзөмөл алдында боло турганын кошумчалады. Андан тышкары жүрөгүнө операция жасоо керекпи же жокпу, азырынча белгисиз. Бул коронарографиядан кийин так белгилүү болот, деп айтып берди.

Эске салсак, 20-октябрда УКМК бажы кызматынын жетекчисинин экс-орун басары Райымбек Матраимовду камакка алган. Тергөө Матраимовдун бюджетке келтирген зыяны 2 млрд сом деп баа берди. Ага жооп катары Матраимов тергөө менен кызматташып, көрсөтүлгөн сумманы төлөп берүүгө милдеттенген. Бул өтүнүч арызы Матраимов мамлекетке зыян келтирген жана коррупция менен алектенгенин моюнга алды дегендик.

Кылмыш кодекстин 319 беренесине ылайык "Жемкорчулук" үчүн 10-15 жыл камалышы керек болчу, бирок ал штраф менен гана кутулуп кетти. Соцтармактардын колдонуучулары бул эл бетине түкүргөндүк, деген баа беришкен.

14-февралда, Бишкекте Матраимовду камакка алуу тынчтык митинги өткөн.

Аны 18-февралда кылмыш жолу менен табылган акча каражатты легализациялоо фактысы боюнча кайрадан камакка алышкан.

19-февралда УКМКнын жанында Матраимовду колдоо митинги өтүп, андан кийин катышуучулар Биринчи май райондук сотуна жөө басып барышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/849