"Протокол убактылуу". УКМК чек ара постторун алып салуу боюнча тактоо жасады
RU

"Протокол убактылуу". УКМК чек ара постторун алып салуу боюнча тактоо жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы конфликтти токтотуу жана маселени чечүү боюнча эки тараптуу протоколго кол коюлган. Анда дайыма конфликтке алып келет делинген 4 чек ара постун толугу менен алуу пункту бар экени кабарланган.

Бүгүн, 26-сентябрда УКМКдан постторду алып салуу боюнча протокол убактылуу экенин кабарлайт.

"Бул протокол Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесси аяктаганга чейин убактылуу кабыл алынды. Учурда Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын кайтарууну көчмө чек ара отряддары ишке ашырууда. Алар чек араны бойлото, тараптар белгилеген жана макулдашылган каттамдар боюнча күзөт жүргүзүшүүдө.

Кол коюлган протоколго ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарына чек ара тилкелерине барууга жол берилбейт. Чек ара тилкелери мыйзамдуу түрдө катталганга чейин кандайдыр бир чарбалык жана башка ишти жүзөгө ашырууну жокко чыгарат", - деп айтылат маалыматта.

Учурда чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча тиешелүү комиссия иштеп жатканын кошумчалашты комитеттен. УКМК коомчулукту тараптардын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгын негизсиз деп чек арадагы чыңалууну сактоого кызыкдар болгон деструктивдүү чакырыктарга жана ураандарга алдырбоого чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8596