Баткен, Лейлек районунун тургандарына үйлөрүнө кайтууга уруксат берилди
RU

Баткен, Лейлек районунун тургандарына үйлөрүнө кайтууга уруксат берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен, Лейлек районунун тургундары үйлөрүнө кайта берсе болорун айтты. Бул туурасында ал бүгүн, 25-сентябрда билдирди.

УКМКнын жетекчиси белгилегендей, аталган райондун тургундары мүмкүнчүлүгүнө жараша үйлөрүнө кайта берсе болот.

"Ал эми мүмкүнчүлүгү жок жарандарга жергиликтүү бийлик органдары жана ӨКМ тарабынан транспорт уюштурулат. Көчөгө чыгып транспорт издеп кыйналбаңыздар, анын барын биз өзүбүз уюштуруп беребиз. Буюрса, мамлекетибизде, чек арабызда тынчтык болот", - деди Ташиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8589