Камчыбек Ташиев: Дайыма конфликтке алып келген 4 пост толугу менен алынды
RU

Камчыбек Ташиев: Дайыма конфликтке алып келген 4 пост толугу менен алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы конфликтти токтотуу жана кагылышууга алып келген маселени чечүү боюнча протоколго кол коюлду. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 25-сентябрда тажикстандык кесиптеши менен жолугушту.

"Кыргызстан менен Тажикстан дайыма конфликтке алып келген 4 чек ара постторун алып салуу боюнча сүйлөштүк. Кыргыз тараптан "Тамдык", "Дача", "Булак-Башы" жана "Катта Туз" чек ара заставалары жана посттору толук алынды. Ал жерде аскерлер дагы, жайкын тургундар дагы болбойт. Ал эми Тажикстан тарап "Бидок", "Кех", "Кара-Чикум" жана "Шаршене" чек ара постторун алды", - деди Ташиев.

Ал белгилегендей, кол коюлган протокол боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тиешелүү тапшырмалар берилди. Анын аткарылышы көзөмөлдө болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8590