Депутат камактагы Руслан Бекназаров менен Ырыс Жекшеналиевди бошотууну суранды
RU

Депутат камактагы Руслан Бекназаров менен Ырыс Жекшеналиевди бошотууну суранды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Тазабек Икрамов Руслан Бекназаровду жана блогер Ырыс Жекшеналиевди камактан бошотууну суранды. Ал мындай өтүнүчтү Жогорку Кеңештин жыйында президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго келтирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, балдар ата-энеси үчүн жоопкер болбошу керек. "Бул жазылбаган мыйзамда да бар. Руслан Бекназаровго коюлуп жаткан доо дал келбейт. Ал жигитти жакшы билебиз, акыйкат чечим чыгарып бергиле", - деди Икрамов.

Ал ошондой эле блогер Ырыс Жекшеналиевди бошотууну суранды. "Бүгүнкү күндө жаштар эле эмес бир топ жашка барып калгандар да адашып жатат. Жигитти СИЗОдо кармоо уят нерсе. Эч кандай кысым болбош керек, көзөмөлгө алгыла", - деп талап койду депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8827