Блогер Ырыс Жекшеналиевдин камактагы мөөнөтү узартылды
RU

Блогер Ырыс Жекшеналиевдин камактагы мөөнөтү узартылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

19 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев 14-декабрга чейин камакта калтырылды. Кундуз Жолдубаеванын маалыматына ылайык, Биринчи Май райондук сотунда бүгүн, 10-октябрда блогердин бөгөт чарасы каралды.

Анда сот Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасын эки айга узартты.

Белгилесек, Facebook социалдык тармактагы "Полит Узник" баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев 14-августта ИИМдин тергөө кызматына суракка чакыртылган. Ал Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо кени боюнча видео кайрылуусун баракчага жайгаштырганына байланыштуу суракта 6 саат болгон. Ал Биринчи Май райондук соту тарабынан 16-августта 2 айга СИЗОго камакка алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8793