Азимбек Бекназаровдун уулу СИЗОго киргизилди
RU

Азимбек Бекназаровдун уулу СИЗОго киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурдагы элчи Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров СИЗО-1ге киргизилди. Бул туурасында Биринчи Май райондук сотунан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, Биринчи Май райондук соту 15-сентябрда Руслан Бекназаровду 12-октябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарды.

Белгилей кетсек, Руслан Бекназаров Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов административдик округу боюнча муниципалдык башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматын аркалап келет. Ал "Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" беренеси боюнча кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8552