Мыйзамга туура келбесе да "Азаттыктын" кеңсесин өрттөп кетем деген активист ким? Кыскача
RU

Мыйзамга туура келбесе да "Азаттыктын" кеңсесин өрттөп кетем деген активист ким? Кыскача

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн "Азаттыктын" кеңсесинин жанында митинг өттү. Митингчилер Kloop, Azattyk жана Kaktus.media сайттарын жабууну талап кылып чыгышты.

Анда митинги алып барган Илимбек Исраилов "мыйзамга туура келбесе да, ачык-айкын эле Азаттыктын кеңсесин өрттөп кетем" деп коркуткан. Бул адам тууралуу кыскача маалымат.

Илимбек Исраилов өзүн жарандык активист жана саясий блогер катары эсептейт. Ал интервью берип жатып, Садыр Жапаровдун Кумтөр маселеси боюнча сүйлөгөн сөздөрүн 2013-жылдары Одноклассникиге жарыялап, ошону менен эбегейсиз көп жазылуучуларга ээ болгонун айткан.

Исраилов ар кандай акцияларга активдүү катышат. 2019-жылдын декабрь айында тарых музейинде аялдардын укугун коргоо боюнча акция өткөрүлгөндө ага каршы чыккандардын бири болгон.

Ал өткөн жылдын март айында Райымбек Матраимовду колдоо митингдерине катышып, анын кылмышы далилдене электигин айтып, журналисттер менен уруша кеткени ачык булактардан белгилүү.

Исраилов социалдык тармактарда негизинен саясат боюнча өз оюн айтып келет. Ал азыркы бийликти, Свердлов районунан депутаттыкка талапкер Шайлообек Атазовду жана экс-депутат Турсунбай Бакир уулун колдойт.

2021-жылдын ноябрь айында шайлоо алдындагы талапкер Шайлообек Атазов менен жолугушуусундагы сүрөт.

Илимбек көз карандысыз ММКларды жабуу иретинде өткөрүлгөн бардык митингдерде дайыма активдүү катышып келет. Ал мындай сайттарга "чет элдик агент" деген наамды ыйгаруу тууралуу талабын коюп, жыйын өткөргөндөрдүн арасында бар. Бирок, бул жыйынды ким каржылап жаткандыгын айтуудан баш тартышкан.

Белгилей кетсек, Илимбек Исраилов интервьюларында эки аялы бар экенин, дагы экөөнү издеп жүргөнүн жашырбай эле айтып келет. Мындан тышкары ал блогерликтен тышкары эч кандай жумуш менен алектенбегенин айткан.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8870