Митингчилер "Азаттыктын" кеңсесин өрттөйбүз деп коркутушту
RU

Митингчилер "Азаттыктын" кеңсесин өрттөйбүз деп коркутушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 13-октябрда үч көз карандысыз маалымат каражаттарынын жабылышына каршы митингге чыккандардын бирөө "Азаттыктын" кеңсесин өрттөйбүз деп коркутту. Бул тууралуу Kloop басылмасы жазып чыкты.

Митингди өзүн жарандык активист жана саясий блогер катары эсептеген Илимбек Исраилов алып барды. Ал "олуттуу чараларды көрүүгө даяр экендиктерин" билдирди.

"Азаттык жана Kloop, биздин кийинки кадамыбыз эскертүүсүз өтө олуттуу болот. Бензин чачабыз. "Азаттыктын" операторлору, кечиресиңер мен, Илимбек Исраилов, эгер силерди бир жерден көрүп калсам, бир жериңерди сындырам", - деген Исраилов.

Митингдин дагы бир катышуучусу, "Ала-Тоо айымдары" коомдук фондунун лидери, ИИМдин экс-орун басары, Курсан Асановдун мурдагы жубайы Жыпаргүл Баргибаева Исраиловду колдоду.

"Булар бизди бүт дүйнөгө жаманатты кылып жатышат" - дейт ал.

Ал эми Исраилов муну түнкүсүн эмес, элди чогултуп расмий түрдө жасай турганын кошумчалады.

"Эгерде алар "чет элдик агенттер" жөнүндөгү мыйзамды кабыл албаса, мен келип, депутаттардын жана элдин алдында Азаттыктын кеңсесин өрттөйм. Албетте, бул мыйзамсыз, бирок мен өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулушубуз үчүн бул ишке барууга даярмын", - деди ал.

Андан соң милиция кызматкерлери Исраиловго келип, суроолорду берип, блокнотко жазып коюшкан.

"Мен экстремизмге барам деп эскертким келет. Биз кеңсеге бензин чачабыз", - деди ал укук коргоо кызматкерлерине.

Ал эми "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун директору Айзада Касмалиева Kaktus.media сайтына бул окуяга байланыштуу милицияга арыз жазарын билдирди.

Ошондой эле, укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Бишкектин райондук сотторунун чечимдерине ылайык, тынч жыйындарды өткөрүүгө тыюу салынганын эске салды.

Эске салсак, буга чейин депутат Надира Нарматова көз карандысыз сайттарды жабууга кол топтоп, президентке кайрылууга даярдап жатканы белгилүү болгон. Муну Дастан Бекешев жана бир канча кесиптеши тастыктаган. Ушундай окуя болгондон кийин бүгүн Kloop, Azattyk жана Kaktus.media сайттарын жабуу боюнча митинг өттү. Бирок, муну Нарматова өзү четке кагууда.

Башкы беттеги сүрөт: Кайыргүл Урумканова

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8865