Мээрим Жуманазарова Баткенде окко учкан Нургазы Боркошовдун үй-бүлөсү менен жолукту
RU

Мээрим Жуманазарова Баткенде окко учкан Нургазы Боркошовдун үй-бүлөсү менен жолукту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан окко учкан 35 жаштагы Нургазы Боркошовдун үй-бүлөсү менен балбан Мээрим Жуманазарова жолукту. Бул тууралуу Жуманазарова өзүнүн баракчасына билдирүү жазып, сүрөттөрүн жарыялады.

"Аккан арыктан суу агат" дегендей кыргыздын баатыры Нургазы Боркошовдун кызы Мээрим да болочокто кыргыздын сыймыктуу кызы, баатырларды тарбиялаган мыкты эне болот деп үмүт кылабыз", - деп жазды.

Ал эми Нургазы Боркошовдун жубайы Зарина Бөрүбекова менен байланышканыбызда Мээрим Жуманазарова жардам берүүгө даяр экендигин билдирди дейт.

"Мээрим буга чейин биздин номерлерибизди издеп, кийин байланышка чыккан. Баткенге барып, жардам берерин билдирген эле. Мен документ иштери боюнча Бишкекке барарыбызды айтып, Бишкектен жолугалы дегенбиз. 16-октябрда Мээрим бизди жолугушууга чакырып, материалдык жардам көрсөттү. Мындан ары да жардам берерин айтты", - дейт Зарина айым.

Белгилей кетсек, "Бөрү" отрядынын прапорщиги Нургазы Боркошов Достук айылында тажиктердин кол салуусунда каза тапкан. Бир күндөн кийин анын жубайы көз жарып, ымыркайга Мээрим деген ысым ыйгарган.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8915