Бир күндөн кийин жубайы көз жарды. Баткендеги кагылышта окко учкан жоокердин окуясы
RU

Бир күндөн кийин жубайы көз жарды. Баткендеги кагылышта окко учкан жоокердин окуясы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Баткен облусунун Достук айылында 35 жаштагы Нургазы Боркошов аттуу жоокер окко учту. Ал каза тапкандан бир күндөн кийин келинчеги кыз төрөдү. Жоокердин окуясы тууралуу жубайы Зарина Бөрүбекова Kaktus.kg cайтына айтып берди.

"Жолдошум 2016-жылдан бери аскердик бөлүктө кызмат өтөп келген. Акыркы жылдары "Бөрү" отрядында прапорщик болчу. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал баштала электе 3 күн мурда Достук айылына кеткен. 16-сентябрь күнү эртең менен сүйлөшкөнбүз, ок атышуулардын үнү угулуп жатты. Абал оорлоп жатканын айтканда мен 3 (2 уул, 1 кыз) баламды алып Базар-Башы кварталына кеттик. Саат 9 жарымда чалсам кагылыш болуп жатат деп өчүп калды. Анан эле саат 11:30да каза болду деп сөөгүн алып келишти. Ок колунан өтүп бөйрөк жагына тийиптир. Ошол эле күнү сөөгүн жерге бердик", - дейт ал.

Маркумдун жубайы абал курчуп баштаганда Баткен облусунун аймагынан чыгып кетүүгө туура келди дейт. Алар Кара-Булак деген жерге барышкан. Учурда коопсуз делинген Зарташ аймагында убактылуу жашап жатышат.

"Ай, күнүм жетип турган... 17-сентябрда Баткен облустук биргелешкен ооруканасында көз жардым. Жолдошум күтүп жүргөн кызын көрбөй кетти. Кызыбыз балбан Мээрим Жуманазаровадай болсун, атын Мээрим коёбуз деп жүргөн. Жумуш дегенде баарын таштап, кандай учур болбосун жөнөп кетчү. Эмгек өргүүгө чыга турган убагы болчу. Барбай эле кой, өргүүгө чыга берчи десем "сен төрөгөн күнү өргүү алам" деген (ыйлап). Оорукандан чыктым, кызымдын абалы жакшы, болгону атасын көрбөй калды", - деп көзүнө жаш алды.

Нургазы Боркошов 1987-жылы туулган, Баткен шаарынан болот. Анын артында жубайы, 2 уул, 2 кызы калды.

Kaktus.kg сайты Нургазы Боркошовдун каза болгонуна байланыштуу жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8516