Ошто 15 жаштагы кызды ала качкан төрт жаран кармалды
RU

Ошто 15 жаштагы кызды ала качкан төрт жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто кыз ала качууга шектелип 4 жаран кармалды. Бул туурасында шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, 18-октябрда болжол менен саат 22:00 чамасында Ош шаарынын А.Масалиев кең көчөсү менен Зайнабединов көчөсүнүн кесилишинде 15 жаштагы кызды ала качып бара жаткан жигиттер кармалышты.

Өспүрүм кызды 1995-жылы туулган Р. уулу У. үй-бүлө куруу максатында ала качып бара жаткан. Анын жанында 1985-жылы туулган О.Т, 1986-жылы туулган С.З. жана 1985-жылы туулган М.У. аттуу шериктери болгон.

Учурда бул факты боюнча 197-берене (никеге туруу үчүн ала качуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Шектүүлөр 48 саатка камакка алынды, алардын баш коргоо чарасы 20-октябрда Ош шаардык сотунда каралат.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8941