SuperTV`нын кабарчысы сабалды
RU

SuperTV`нын кабарчысы сабалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

SuperTV каналынын кабарчысы Бактурсун Жоробеков белгисиз адамдар тарабынан сабалды. Бул тууралуу аталган телеканалдан билдиришип, кол салуу анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу мүмкүн дешет.

Маалым болгондой, окуя кечээ, 26-октябрда саат 23:30 чамасында Бишкектин Ленин районунда орун алды. Анда Бактурсун Жоробековду белгисиз 4 жаран сабап кетишкен. Кечээ күнү редакциянын номерине белгисиз жаран Жоробековду издеп чалган, ага чейин да чалуулар болуп, аны коркутуп-үркүтүп жүрүшкөн.

"Белгисиз жарандар дарыканадан чыкканымда жаныма келишип, бети-башымды уруп-согуп, тепкилеп баштады. Анын ичинен бирөө "Бул SuperTV"нын журналисти" деп, мени камерага тартып киришти. Качан эсимди жоготконумду билбейм, эсиме келип, үйгө келсем, саат 4:30 болуп калыптыр", - деди Бактурсун Жоробеков.

Жабырлануучу Ленин райондук милициясына арыз менен кайрылды.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9047