ЖМК боюнча жаңы мыйзам ар бир социалдык тармактын колдонуучусуна терс таасирин тийгизеби?
RU

ЖМК боюнча жаңы мыйзам ар бир социалдык тармактын колдонуучусуна терс таасирин тийгизеби?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттик аппарат "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" жаңы мыйзамдын долбоорун даярдап, 28-октябрга чейин коомдук талкууга чыгарды. Медиа-эксперттер бул документте сөз эркиндигине карата адам укуктарынын кепилдиктеринин мыйзамсыз жана кабыл алынгыс тобокелдиктери бар экенин белгилешет. Мындан тышкары кээ бир акылга сыйгыс талаптарды эске алганда , бул мыйзам дээрлик бардыгы үчүн өтө коопту. "Адилет" юридикалык клиникасынын юристтери жана Kaktus.media мыйзам долбоорунун өзгөчөлүктөрүн чечмелешти.

Сунушталган "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" мыйзамдын тексттери мурункудан кандай айырмаланат?

Бул жөн эле өзгөртүүлөр эмес, принципиалдуу жаңы мыйзам. Эки мыйзамдын айырмасын төмөнкү шилтемелерге кирүү менен билүүгө болот:

  • учурда колдонулуп жаткан мыйзам;
  • сунушталган мыйзам.

Эки мыйзамдын тексттери бир топ эле айымаланып турат. Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясы тарабынан сунушталган жаңы текст 88% менен Россиянын мыйзамынын көчүрмөсү экендигин далилдөөгө мүмкүн болду.

Сунушталып жаткан мыйзамда кандай мыйзам бузуулар бар?

Сунушталган вариантта көңүл бура турган бир нече жагдайлар бар. Анын ичинен адвокаттар бир канча мыйзам бузууларды тапкан:

  • ЖМКны юридикалык жак катары каттоонун тартиби.
  • Интернет мейкиндигин жөнгө салуу аракети.
  • Чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга жана экинчи жарандыгы бар КР жарандарына жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) түзүүгө тыюу салуу.
  • Сөз эркиндигин кыянаттык менен пайдалануу түшүнүгүн киргизүү.

Жалпыга маалымдоо каражатын юридикалык жак катары каттоо боюнча эмне туура эмес?

Юстиция министрлиги юридикалык жакты үч күндүн ичинде жалпы тартипте каттайт, бирок жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоодо башка шарттар каралат. Стандарттык талаптардан тышкары, уюштуруучулары, жайгаша турган жери, жарыялоонун тематикасы, басылманын адистиги көрсөтүлүшү керек. Мыйзамда бул эмнени түшүндүрөрү конкреттүү ачыкталган эмес.

Андан тышкары жаңылыктар жайыла турчу аймак, каржылоо булактары, канча мартериял чыгарыларын, негиздөөчүсү башка ЖМКнын редактору, басып чыгаруучусу болобу же жокпу көрсөтүү керек.

Бул маалыматтын баары мамлекеттик органга ЖМКны каттап же каттабоо үчүн зарыл.

Эгерде Юстиция министрлиги бул ЖМКнын тематикасында, аталышында жана адистигинде сөз эркиндигин кыянаттык менен пайдалануу бар деп эсептесе (муну кандай аныктаары белгисиз), анда каттоодон баш тартышы мүмкүн. Анын үстүнө, чечимди департамент өзү гана кабыл алат.

Эгер баш тартса Юстиция министрлиги себептерин түшүндүрөт. Бул канча убакытка созулары азырынча белгисиз. Каттоо жөнүндө арыз бир айдын ичинде каралат.

Бул фактыны дискриминация деп атоого болот. ЖМКлар башка юридикалык уюмдардан эмнеси менен айырмаланат? Мыйзамда мындай баш тартууга карата даттануу каралган эмес.

Юристтер мыйзам долбоорундагы жоболор бүдөмүк жана чар-жайыт болгондуктан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шарт түзө деп эсептешет.

Ошондой эле юристтер жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоонун өзү эле мамлекеттин каалоосу болуп жатканын белгилешет. Негизи бул уюмдун ички иштерине негизсиз кийлигишпестен массалык маалымат каражаттарынын эсебин жүргүзүү үчүн гана жасалууга тийиш.

Мыйзам күчүнө киргенден кийин жалпыга маалымдоо каражаттары каттоодон (кайра каттоодон) өтүү үчүн эки ай мөөнөт берилет. Ал эми каттоодон өтөм дегендер көп болот. Бирок, жогоруда көрсөтүлгөн процедуралар үчүн мөөнөттөр өтө кыска.

Каттоо органдарына бул чоң жүк болот, анткени бир арызды кароо бир айга созулат.

Юристтер Юстиция министрлиги бардыгын текшерип, каттоого үлгүрүүсүнө күмөн саноодо. Эгерде убагында каттоого үлгүрбөй калгандар болсо эмне кылуу керек деген суроо пайда болот. Анткени мыйзамда бул боюнча эч кандай комментарий жок.

Блогерлер жана социалдык тармактардын колдонуучулары каттоодон өтөбү?

Жаңы мыйзамда жалпы мыйзамдардагыдай эле блогер деген түшүнүк жок. Бирок, иш жүзүндө блоггерлер белгилүү аудиторияга ээ жана тигил же бул жол менен коомдук пикирдин калыптанышына таасир эткен адамдар деп эсептелет.

Бул мыйзам долбоорунун аталышына таянсак, блогерлердин ишмердүүлүгү анын чөйрөсүнө кирбейт. Бирок интернетте тыюу салынган маалыматтарды жарыялоого чектөөлөрдү белгилеген айрым ченемдер жалпы талаптардын мүнөзүндө, алар жалпыга маалымдоо каражаттарына гана эмес, жөнөкөй жарандарга, анын ичинде блогерлерге да тиешелүү экенин билдирет.

Бирок саясат менен байланышы жок блогерлер жана медиалар бар. Алар эмне болот?

Саясаттан алыс, мисалы, саякат менен алектенген социалдык тармактардын колдонуучулары же фудблогерлер бар жана алар көп. Жөн гана жарнама, сатуу менен алектенген сайттар да бар. Алардын баары интернет баракчалары аркылуу белгисиз адамдардын чөйрөсүнө маалымат таратышат.

Чындыгында, мамлекеттик мекемелердин расмий сайттары да маалымат таратуучу болуп саналат.

Сунушталган мыйзам долбоорунда билдирүүлөрдү жана материалдарды эч кандай спецификациясыз жана тактоолорсуз таратуу жөнүндө айтылат. Бул бир гана маалымат сайттары же маалымат агенттиктеринин сайттары жөнүндө эмес, жалпысынан кандайдыр бир интернет сайттары жөнүндө сөз болуп жатат дегенди билдирет.

Мыйзамдын жаңы тексти татаал формаларды камтыйт

Мыйзам чар-жайыт жана түшүнүксүз формулировкаланган. Мисалы 3-пункт, 4-берене түшүнүксүз.

Бир караганда, бул пункт баңги жана психотроптук заттар жөнүндө маалыматка гана тиешелүү, бирок жакшылап карасаңыз, бул пункт эки эрежени камтыйт:

  • баңги зат жөнүндө маалыматтарды таратууга тыюу салуу;
  • "Маалыматтык жана телекоммуникациялык тармактарда жайылтууга мыйзамда тыюу салынган маалыматтарды жайылтууга" тыюу салынган, бирок кайсынысы экени көрсөтүлгөн эмес.

Жөн эле ар кандай мыйзамдар менен тыюу салынган маалыматтарды таратууга тыюу салынат экен.

Тыюу өзүнчө абзацта жайгаштырылган, ал дагы 4-берененин логикалык чынжырына туура келбейт.

Жөнөкөй жаран өзүнүн пикири жазылган постту социалдык тармакка жарыялоону кааласа, балким, мындай билдирүүнүн мазмуну сөз эркиндигин кыянаттык менен пайдалануу катары бааланышы мүмкүн жана пост жарыялаган жаранга жаза берилиши мүмкүндүгүнө кепилдик берилбейт.

Пост жарыялоодон тышкары, лайк жана репост сыяктуу кызыктуу инструменттер да бар. Интернет колдонуучулары лайк же репост да сөз эркиндигин кыянаттык менен пайдаланууну камтыган пикирди билдирүүгө барабар болушу мүмкүн деп коркушат.

Бул абдан коркунучтуу учур. Анткени азыркы учурда эле көптөгөн адамдар цензурага кабылып жатышат. Эгер мыйзам кабыл алынса анда эмне болот?

4-беренеде, адамдын жеке жашоосу тууралуу маалыматты таратууга тыюу салынган.

Ошондо эмнелерге уруксат берилет жана эмнелер сөз эркиндигин кыянаттык менен пайдалануу экени белгисиз.

Мыйзам Юстиция министрлигинин жана Башкы прокуратуранын мамлекеттик органдарына өтө кеңири ыйгарым укуктарга ээ боло тургандай кылып жазылган – анын кыянаттык экенин же жокпу аныктоо үчүн белгиленген критерийлер жок.

Жаңы мыйзамда дагы кандай мыйзам бузуулар, кыйынчылыктар бар?

Мыйзам жалпысынан аны практикада колдонууда кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн болгон көптөгөн белгисиздиктерди камтыйт.

Өзүнчө, төмөнкүлөрдү бөлүп көрсөтүүгө болот:

ЖМКны жабуу оңой болот

Жалпыга маалымдоо каражатын каттоо татаал, ал эми аны кайра жабуу үчүн жөнөкөй шарттар каралган. Алсак, эгерде бир жыл ичинде жалпыга маалымдоо каражаты бул мыйзамды кайталап (эки же андан көп жолу) бузган болсо, Юстиция министрлиги жана Башкы прокуратура мындай ЖМКнын ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча сотко доо арыз менен кайрыла алат. Эгерде сот ЖМКны жабуу чечимин чыгарса, анда анын кайра каттоого укугу жок. ЖМКны кайра ачууга туура келет.

Жашыруун киргизүү

Коомдук пикирге таасир этүүчү жашыруун кошумчаларды колдонууга тыюу салуу жөнүндө эреже так эмес.

Юридикалык жактан да эмес, логикалык жактан да адамдын пикирине же ден-соолукка кандай таасир этиши мүмкүн экенин түшүнүү кыйын. Бул аныктамага кандай иш-аракеттер кирээри да кызык. Муну ким, кандай критерийлер менен аныктаары белгисиз. Юстиция министрлиги менен Башкы прокуратура бул менен кайрадан өз каалоосу боюнча иш алып барышы керекпи, бул дагы кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланууга негиз болуп калышы мүмкүн.

Бул мыйзамга ылайык ЖМКнын жабылышы менен "Жалган маалыматтан коргоо" тууралуу мыйзамдын негизинде ЖМКларды жабуунун жыйынтыктары окшош. Ага ылайык ЖМКлар териштирүү процесси болуп жаткан убакта иштей алышпайт. Сот процесси жүрүп жаткан учурда ММКлар иштей албайт.

Адвокаттар мажбурлап жоюу - көпчүлүк бузуулар үчүн өтө катаал жана пропорционалдуу эмес чара деп эсептешет.

Жыйынтыгында ЖМК боюнча жаңы мыйзам тууралуу эмне айтууга болот?

Мыйзамдын тексти чийки, бүдөмүк жана цензурага багытталган. Мыйзамдын кабыл алынышы жалпы сөз эркиндиги үчүн чоң терс кесепеттерге алып келет. Ал медиа ишмердүүлүк чөйрөсүнө, ошондой эле интернет мейкиндигинде болуп жаткан окуяларга көзөмөлдү күчөтөт.

Мыйзамда мамлекеттин жеке ишке түздөн-түз кийлигишүүсү камтылган, бул жарандык мыйзамдарды бузуу болуп саналат.

Мыйзам долбоорунда цензурага тыюу салган берене бар экенине карабастан, бардык мыйзамдын мазмуну негизинен цензура.

Маршруткалардын иш таштоосу (200 статей)
Абактагы Клара Сооронкулова уулунун 11 жашка толушу менен куттуктады
28 Октябрь 2022, 14:14
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
ЖМК редакторлору Садыр Жапаровго кайрылуу жасады: Эркин медиаларга кысым токтотулсун!
28 Октябрь 2022, 12:52
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9055