Абактагы Клара Сооронкулова уулунун 11 жашка толушу менен куттуктады
RU

Абактагы Клара Сооронкулова уулунун 11 жашка толушу менен куттуктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Клара Сооронкулова уулун туулган күнү менен куттуктады. Анын катын жактоочусу Чынара Жакупбекова бөлүштү.

"Атаяр! Туулган күнүң менен куттуктайм! Сен абдан күчтүү жана акылдуу жигитсиң, бекем болосуң деп ишенем. Жакшы маанайда болуу жана ийгиликке жетүү абдан маанилүү. Ийгилик! Мыкты бол! Чың ден соолук, тайманбастыкты жана жакшы маанай каалайм. Бекем кучактадым!"

Эске салсак, 23-октябрда опозиция саясатчылары, активисттер коомдук баш аламандыкты жаратууга шектелип кармалган.

Андан бир күн мурун Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо боюнча комитет түзүлгөн.

27-октябрда кармалган активисттер соттун чечими менен эки айга СИЗОго киргизилди.

Камакка алынгандар:

  • Акылбек Айтбаев.
  • Айданбек Акматов.
  • Нурлан Асанбаев.
  • Бектур Асанов.
  • Атай Бейшенбек.
  • Азимбек Бекназаров.
  • Эрлан Бекчороев.
  • Айбек Бусурманкулов.
  • Гулнара Журабаева.
  • Кеңешбек Дүйшебаев.
  • Равшан Жээнбеков.
  • Канат Исаев.
  • Кубанычбек Кадыров.
  • Рита Карасартова.
  • Чынгыз Капаров.
  • Таалайбек Мадеминов.
  • Улукбек Маматаев.
  • Жеңиш Молдокматов.
  • Асия Сасыкбаева.
  • Клара Сооронкулова.
  • Перизат Суранова.
  • Али Шабдан
  • Марат Баязов.

Талант Эшалиевге карата сот сырттан баш коргоо чарасын – үй камагын тандады. Андан сырткары Мамбетжунус Абылов, экс-депутат Орозайым Нарматова менен жарандык активист Илгиз Шаменов Россияда кармалды.

Канат Исаевден башкасы "массалык баш аламандык" беренеси боюнча каралууда. Анын иши "жашыруун" деп белгиленген

Активисттер, саясатчылардын массалык кармалышы (57 статей)
Кемпир-Абад боюнча айыпталуучулардын камактагы мөөнөтү узартылды
30 Ноябрь 2023, 09:17
Вашингтондо кыргызстандыктар элчиликтин алдына митингге чыгышты. Сүрөт
26 Октябрь 2023, 09:48
Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын үчөө үй камагына чыкты
28 Август 2023, 13:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9066