Илгиз Шаменов СИЗОдон кат жазды: Апасын бычактаган жаранды мен жаткан камерага киргизишти
RU

Илгиз Шаменов СИЗОдон кат жазды: Апасын бычактаган жаранды мен жаткан камерага киргизишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

20-декабрга чейин камакка алынган жарандык активист Илгиз Шаменов СИЗО-1ден кат жазды. Ал кайрылуусун Facebook социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырды.

Анда активист ага карата саясий куугунтук болуп жатканын айтат.

"Урматтуу мекендештерим, достор өзүңүздөр көргөндөй негизсиз, далилсиз жасалма токулган кылмыш иши козголуп, саясий куугунтук болуп, эл, жер деп түрмөдө отурам. Менин кармалгандыгымдын негизги себеби Жетим-Тоого байланыштуу деп ойлойм, себеби Кемпир-Абаддан кийинки кезекте Жетим-Тоо турат.

Мен негизсиз түрмөдө отурганым аз келгенсип, мага карата СИЗОнун айрым кызматкерлери тарабынан кысым болуп жатат. Негизсиз текшерүүлөр, коркутуулар болууда. Бул боюнча СИЗОнун жетекчилерине бир нече ирет кайрылдым, жыйынтык жок. Ошондой эле мен жаткан камерага өз апасына 90 жолу бычак сайып өлтүрүүгө шектелип кармалган, психологиялык жактан жабыркаган адамды кошуп коюшту. Эмне максатта мындай кылып жатышат билбейм? Ошол себептен коомчулука кайрылып жатам", - деп жазылат катта.

Эске салсак, жарандык активист Илгиз Шаменов Россияда кармалып, 28-октябрда Кыргызстанга алынып келген. Аны менен кошо Орозайым Нарматова да кармалган. 29-октябрда Биринчи Май райондук соту Шаменов менен Нарматованы 2 айга камакка алуу чечимин кабыл алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9347