Активист Илгиз Шаменов 20-декабрга чейин камакта болот
RU

Активист Илгиз Шаменов 20-декабрга чейин камакта болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жарандык активист Илгиз Шаменов 20-декабрга чейин камакта калтырылды. Мындай чечимди бүгүн, 17-ноябрда Бишкек шаардык соту кабыл алды.

Соттук коллегия Шаменовдун баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырып, ага ылайык, активист 20-декабрга чейин СИЗО-1де камакта болот.

Эске салсак, жарандык активист Илгиз Шаменов Россияда кармалып, 28-октябрда Кыргызстанга алынып келген. Аны менен кошо Орозайым Нарматова да кармалган. 29-октябрда Биринчи Май райондук соту Шаменов менен Нарматованы 2 айга камакка алуу чечимин кабыл алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9314