Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов 2 айга камакка алынды
RU

Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов 2 айга камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москвада кармалып, Бишкекке жеткирилген экс-депутат Орозайым Нарматова менен жарандык активист Илгиз Шаменов СИЗО-1ге камакка алынды. Аларды 2 айга камоо чечимин Биринчи Май райондук соту кабыл алды.

Жактоочулар Нарматова менен Шаменовдун кармалышын мыйзамсыз жана негизсиз деп табууну өтүнүштү.

Бирок сот экс-депутат менен активистти эки айга камоо чечимин чыгарды.

Эске салсак, Орозайым Нарматова жана жарандык активист Илгиз Шаменов Россияда кармалып, 28-октябрда Кыргызстанга алынып келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9074