Kloop, Азаттык, Kaktus.media сайттарын жабууну талап кылган каттын мазмуну белгилүү болду
RU

Kloop, Азаттык, Kaktus.media сайттарын жабууну талап кылган каттын мазмуну белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова көз карандысыз Kloop, "Азаттык" жана Kaktus.media басылмаларын жабуу талабы менен депутаттардан кол чогултуп жатканы белгилүү болгон. Кийинчерээк депутат мындай аракет жасабаганын айтып, демилгесин четке каккан. Бирок анын айрым кесиптештери муну тастыкташкан.

Бүгүн, 13-октябрда өздүк булактар тарабынан Садыр Жапаровго жолдонгон катта эмнелер жазылганы белгилүү болду. Кайрылууда төмөндөгүдөй жүйөөлөр келтирилген.

  • "Азаттык" үналгысы коомдук-саясий кырдалды курчутууда чоң роль ойнойт. Кандай болгон күндө да биз кыргыз элинин кызыкчылыктарын көздөшүбүз керек, а бул радионун бир жакшы маанайда жаңылык чыгарышканын көрбөдүк. Бизде ызы-чуу, тополоң болуп турушун каалашат, анткени, демөөрчүлөрдүн буйрутмасы ошондой. "Азаттык" мунусу аз келгенсип, жакындан бери Ош шаарына филиалын ачууга ниеттенүүдө. Бул фактыга жергиликтүү эл каршы. Анткени, аталган үналгы – 2010-жылдагы Ош коогалаңын теңирден тескери чагылдырган.
  • Kaktus.media дагы чет өлкөнүн гранты менен иштеп келе жатат. Провокациялык мазмундагы материалдарга басым жасашат. Текшерилбеген материалдарды сенсациялык аталыштар менен чыгарып, элдин бүйүрүн кызытышат.
  • Kloop басылмасы да чет жактан каржыланган бул мекеменин башкы максаты – кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын жокко чыгаруу, басынтуу, намысыбызды тебелөө экени көрүнүп турат.

"Урматтуу Садыр Нургожоевич! Биздин кайрылуубузга тиешелүү чечим кабыл аларыңызга ишенебиз!", - деп айтылат катта.

ЖМКларга болгон кысым (43 статьи)
Сот Kloop Mediaны жоюу чечимин чыгарды
10 Февраль 2024, 10:42
Камакка алынган 11 журналисттин жакындары акыйкатчыга даттанышты
26 Январь 2024, 12:49
"Соттор да күн карама өңдүү". CИЗОдогу журналист Сайпидин Султаналиев кайрылуу жасады
23 Январь 2024, 15:30
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8862