Кыргызстан сатып алган тик учактын баасын министрлик ачыктаган жок
RU

Кыргызстан сатып алган тик учактын баасын министрлик ачыктаган жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Республикалык бюджеттин эсебинен Кыргызстан Airbus H145 үлгүсүндөгү жаңы тик учак сатып алды. 11-декабрда өлкөгө келген тик учакты президент Садыр Жапаров сыноодон өткөрсө, кечээ, 12-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жаңы тик учак менен облустарга учуп кетти.

Германиядан алынган тик учак Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансына өткөрүлдү. Kaktus.media экинчи ирет алынган учактын баасын билүүгө аракет кылды.

Интернеттеги ачык булактардан баада айырмачылыктар бар экенин көрүүгө болот. Тагыраагы, тик учактын баасы жабдылышына, функцияларына, чыккан жылына, атүгүл түсүнө жараша болот.

Ал эми учак жана тик учактарды сатуу боюнча сайтта жаңы комплектациядагы Airbus H145 тик учагынын баасы 9,7 ммиллионду түзөрү көрсөтүлөт.

Тик учактын баасын так билүү үчүн Каржы министрлигине кайрылганыбызда бул документ "кызматтык колдонуу үчүн" деп белгиленгенин айтышты.

Президенттик аппараттан келерки жылы Кыргызстан менен Россиянын лидерлеринин макулдашуусунун алкагында өлкөгө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн жаңы МИ-8 МТВ маркасындагы тик учак гранттык негизде келери күтүлүп жатканын айтышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9581