Камчыбек Ташиев жаңы алынган тик учак менен Баткенге учуп кетти. Сүрөт, видео
RU

Камчыбек Ташиев жаңы алынган тик учак менен Баткенге учуп кетти. Сүрөт, видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн бүгүн, 12-декабрда тик учак менен Баткен, Жалал-Абад, Талас облустарына жана Бишкек шаарына учуп кетти. Бул туурасында коопсуздук комитетинен кабарлашты.

Ал бардык күч түзүмдөрүнүн кышкы мезгилге даярдыгын текшерип, чек ара коопсуздугун камсыздоо маселесин талкуулап, көзөмөлдөп келет.

Белгилей кетсек, Кыргызстан Airbus H145 жаңы тик учагын сатып алып, 11-декабрда президент Садыр Жапаров Airbus H145 тик учагына отуруп, сыноодон өткөрдү. Тик учак ӨКМнын балансына өткөрүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9577