Депутат Бишкектеги ыштын 5 себебин атады
RU

Депутат Бишкектеги ыштын 5 себебин атады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 15-декабрда Жогорку Кеңеште Бишкектеги абанын булганышы боюнча маселе каралып, сунуштар айтылууда. Анда депутат Марлен Маматалиев ыш менен күрөшүү боюнча токтомду сунушталды.

Эл өкүлү алгач абанын булганышынын негизги беш себебин атады:

  • жылуулук борборунда бышпаган сапатсыз көмүрдүн жагылышы;
  • катализатору жок унаалар;
  • Бишкектин тегерегиндеги конуштар газ тутумуна кошулбаганы;
  • шамалдын багытынын өзгөрүшү.

"Кыргызгазды" 1 долларга сатып жатканда алар 47 кошунтуш баарын газдаштырабыз деп милдеттеме алган. Бүгүн алардан сурасак, бир кыйла конуштарга газ киргизилгени менен керектөөчүлөр көгүлтүр от колдонбой койду деп жүйө келтирип жатат. Чынында, үйгө газ киргизип, газ мешин коюуга 100 миң сомго чукул акча коротулат экен. Андыктан элге жардам кылуу үчүн "Газпром", банктар, керектөөчүлөр болуп, 3 тараптуу макулдашуу түзгүлө деп сунуш-тапшырма берип жатабыз", - деди Маматалиев.

Ал эми таштанды талаасы боюнча маселеге чекит коюу керек деп кошумчалады депутат.

"Кайра иштетүү боюнча айтып эле келе жатабыз, эми чекит коёлу. Бир мөөнөттү белгилейли, кылса кылсын, кылбаса жооп беришсин. Конкреттүү сунуш тапшырма бербесек болбой калды", - деп белгиледи баяндамачы.

Дастан Бекешев борбор калаада цехтерден чыккан синтетикалык калдыктар жагылып, аба булганып жатканын белгиледи. Ал калдыктарды кабыл алуучу атайын жай ачып, кайра иштетүүнү сунуштады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9618