112 адам каза болгон. Бишкектеги абанын булганышы өлүмгө жеткирүүдө
RU

112 адам каза болгон. Бишкектеги абанын булганышы өлүмгө жеткирүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жылытуу мезгили башталгандан тарта Бишкекте абанын булганышы күч алып, зыяндуулугу боюнча дүйнөлүк рейтингде алдыңкы катарга кирди. Kaktus.media борбор калаанын тургундары жана меймандары кандай аба менен дем алып жатканын бийиктиктен көрсөтөт.

ЮНИСЕФ жасаган изилдөөгө ылайык, Бишкектеги булганган абадан бир жылда 100дөн ашуун адам каза болду.

Андагы маалыматта "2021-жылдын 1-июлунан 2022-жылдын 30-июнуна чейин абанын булганышынан улам 112 адам каза болду" деп айтылат. Эксперттер абанын булганышын Кыргызстандагы мезгилсиз өлүмгө алып келүүчү жана ден соолукту начарлатуучу эң олуттуу экологиялык коркунучу деп аташкан.

Бишкектеги абанын булганышынын негизи себептеринин бири - үйдү жылытууда пайдаланылган күкүрттүү көмүр саналат. Бул БУУнун Өнүктүрүү программасы жана Айлана-чөйрө боюнча программасы тарабынан даярдалган баяндамада айтылат. Белгиленгендей, өлкөдө үйлөрдүн 70% көмүр менен жылытылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9580