УКМК Сузактагы милиция кызматкерлери эмнеге кармалганын айтты
RU

УКМК Сузактагы милиция кызматкерлери эмнеге кармалганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин Сузак РИИБдин бир катар кызматкерлери кармалганы маалымдалган. УКМКнын маалымат кызматынан милиция кызматкерлери кылмыш ишин жашырганга жана кызмат абалынан пайдаланганга шектелип жатканын айтышты.

Маалым болгондой, 9-декабрда кылмыштуу топтун 10го жакын мүчөсү Сузак районунун Ырыс айыл аймагында ок атуучу жана башка куралдарды колдонуу менен каракчылык кылган. Анын кесепетинен Д.А. аттуу жаран жабыркап, бычактан алган жаракаттары менен ооруканага жеткирилген. Сузак РИИБдин кызматкерлери жетиштүү материалдарга карабастан, оор кылмыш жасаган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн табуу жана кармоо боюнча тийиштүү чараларды көрүшкөн эмес. Ошол эле учурда милиция кызматкерлери кармалгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартпагандыгы үчүн өзгөчө ири өлчөмдө пара алганы аныкталган.

Аталган ички иштер бөлүмдүн кызматкерлери издөөдө жүргөн кылмышкерлердин жакындары менен бир нече жолу жолугуп, алар менен жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кылмышты жашыруу үчүн акча талап кылышкан. Кызматкерлер алардын айрымдарын кармашып, ок атуучу куралдарын (уруксатсыз травматикалык тапанча) тартып алышкан, бирок тиешелүү процессуалдык документтерди толтурбастан, өздөрүнө өткөрүп беришкен. Бул тапанча Сузак РИИБнин ыкчам кызматкерлеринин иш бөлмөсүнөн тинтүү учурунда табылган.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 9-декабрда каракчылык жасаган топтун 5 мүчөсү кармалды. Учурда бул кылмыштуу топтун жүргөн жерин аныктоо жана башка мүчөлөрүн кармоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Ал эми Сузак РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы жана анын кол алдындагы эки кызматкер 337-берененин 1-бөлүгүнүн (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кармалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9728