Сузакта бир катар милиция кызматкерлери кармалды
RU

Сузакта бир катар милиция кызматкерлери кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын кызматкерлери Сузак РИИБдин бир катар кызматкерлерин кармады. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын айтымында, 26-декабрда саат 19:00 чамасында УКМКнын кызматкерлери Сузак РИИБдин башчысынын орун басарын, эки коопсуздук кызматкерин жана эки тергөөчүнү кармашкан.

Милиция кызматкерлери бир нече ай мурда бир топ адамдар тарабынан жарандардын ден соолугуна оор залал келтирүү менен жасалган "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш ишин жашырган деп шектелүүдө.

РИИБдин имаратында тартип сакчылары менен чалгынчылардын ортосунда жаңжал чыккан. Бул факты өзүнчө каралары маалым болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9724