Министр кылмышты жаап-жашырганга шектелген Кочкор РИИБдин жетекчиси боюнча үн катты
RU

Министр кылмышты жаап-жашырганга шектелген Кочкор РИИБдин жетекчиси боюнча үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 26-декабрда ички иштер министри Улан Ниязбеков коомдук тартипти сактоо жана элге сервистик тейлөө көрсөтүү чаралары жөнүндө жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, автокырсыктарын алдын алуу туурасында онлайн кеңешме өткөрдү.

Министрликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Ниязбеков ички иштер органдарынын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берип, айрымдарынын ишмердүүлүгүн кескин сынга алды.

Айтымында, Кочкор районундагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү боюнча окуяга тиешеси бар Кочкор РИИБдин эле эмес, Нарын облусунун милициясынын жоопкерчилиги катуу караларын белгиледи.

"Айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, керек болсо Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилери бул окуяга көз жумуп, элге карата кылмыш жасап жатышса дагы окуяны жаап-жашырып коюшкан.

Анткени, жергиликтүү кызматкерлер өздөрү бандиттерге аралашып, дос, тууган, катташ болуп алышкан.

Азыркы учурда Кочкор РИИБдин башчысы жана анын ыкчам иштер боюнча орун басарынын милдетин аткарып жаткан жетекчилер камакка алынышты. Кочкор районунун айылдык милиция бөлүмчөсүнөн баштап, Нарын облустук ички иштер башкармалыгына жана Кылмыш иликтөө башкы башкармалагына чейин конкреттүү чаралар көрүлөт. Жакында ушуга окшогон дагы бир катар фактыларды жер-жерлерден аныктап, мыйзам чегинде жоопко тартуу процессин жүргүзөбүз", - деди министр.

Ниязбеков кызматтык шалаакылыкка, кылмышка аралашууларга жана ички иштер органдарынын жалпы ишмердигине доо кетирген учурларды болтурбоо үчүн жакынкы арада кадрдык ротациялоо иштери башталарын айтты.

"Биздин катарыбызда бандиттерден корккон, элди коргой албаган, милициянын баркына доо кетирген жетекчилер жана кызматкерлер иштебеши керек деген принцип биз үчүн эң жогору сапат болушу керек.

Кемчилиги чачтан көп, көйгөйү түгөнбөгөн жетекчилер менен коштошобуз, муну ачык айтып коёюн. Иши начар, уюштуруу деңгээли төмөн, жүктөлгөн милдеттерди аткарбагандар, өз алдынча чечим чыгарып, коллегияга чейин рапортун жазып кете беришсе болот. Муну сунуш катары кабыл алыңыздар", - деп жыйынтыктады ал.

Белгилей кетсек, УКМК тарабынан Нарындгы кафенин ээсинен опузалап акча талап кылганга шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жана топтун кылмыш ишин жаап-жашырган делинип Кочкор РИИБдин жетекчиси кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9716