Сузактагы милициялардын кармалышы боюнча 12 кызматкер жаза алышты
RU

Сузактагы милициялардын кармалышы боюнча 12 кызматкер жаза алышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сузак РИИБдин кызматкерлери кылмыш ишин жашырганга жана кызмат абалынан пайдаланганга шектелип УКМК тарабынан кармалган. Бул окуядан кийин ИИМ бир катар милиция кызматкерлерин тартиптик жазага тартты.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен:

  • Жалал-Абад ОИИБдин жетекчиси полковниги А.Тагаев, Сузак РИИБдин жетекчиси З.Ормонов, Сузак РИИБдин жетекчисинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары А.Бакиров, Сузак РИИБдин жетекчисинин орун басары - кылмыш иликтөө кызматынын башчысы Б.Маткеримов ээлеген кызмаынан бошотулду;
  • Жалал-Абад ОИИБдин сотко чейинки өндүрүш боюнча жетекчисинин орун басары Б. Кулжановго, Жалал-Абад ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Н. Долоновго, Жалал-Абад ОИИБдин ички иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси С.Джумагуловго, Жалал-Абад ОИИБдин Штабынын башчысы М.Ташбаевге, Сузак РИИБдин жетекчисинин орун басары К.Саркаровго, Сузак РИИБдин жетекчисинин кадр боюнча орун басары Н.Далбаевага катуу сөгүш берилди;
  • Жалал-Абад ОИИБдин ички иликтөө бөлүмүнүн ага ыкчам өкүлдөрү Н.Жолоев, А.Абдыраимов сөгүш алышты.
  • Жалал-Абад ОИИБдин ыкчам иштер боюнча жетекчисинин орун басары К.Рахмановдун, Жалал-Абад ОИИБдин кызмат боюнча жетекчисинин орун басары Н.Сыдыковдун, Жалал-Абад ОИИБдин жетекчисинин кадр боюнча башчысынын орун басары М.Масиркуловдун тартиптик жоопкерчилиги ден-соолугу сакайгандан кийин каралат.

Жалпысынан 12 кызматкер тартиптик жазага тартылды. Анын ичинен 4 кызматкер кызматынан бошотулду, калгандары жогоруда аталган тартип жазаларын алышты. Ал эми 3 кызматкердин саламаттыгы жакшыргандан кийин кызматтык жоопкерчилиги каралат.

Буга чейин Нарын ОИИБдин 22 кызмактерине карата кызматтык жаза колдонулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9741