Нарында 22 милиция кызматкери жазага тартылып, 9 кызматкер кызматынан бошотулду
RU

Нарында 22 милиция кызматкери жазага тартылып, 9 кызматкер кызматынан бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Алмазбек Жумабеков ээлеген кызматынан бошотулду. Аны менен катар бир катар милиция кызматкерлери жоопкерчиликке тартылды дешет ИИМден.

Кочкор районундагы уюшкан кылмыштуу топтун кылмыш ишин жаап-жашырган факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы менен төмөндөгү жетекчилерге жана кызматкерлерге чара колдонулду. Алар:

  • Нарын ОИИБдин жетекчиси, милициянын полковниги Алмазбек Жумабеков ээлеген кызмат ордунан бошотулду;
  • Нарын ОИИБдин жетекчисинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары милициянын полковниги А.Кудайбердиевге, Нарын ОИИБдин жетекчисинин кызмат боюнча орун басары милициянын полковниги Р.Мурзакматовго, кадр боюнча орун басары милициянын полковниги М.Турпанбаевге жана Нарын ОИИБдин штабынын жетекчиси, милициянын полковниги А.Токтосуновго катуу сөгүш берилип, тартиптик жазага тартылды;
  • Нарын ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси, милициянын полковниги А.Усеналиев ээлеген кызмат ордунан бошотулду;
  • ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, жетекчиси, милициянын полковниги О.Акпаровго сөгүш берилди.
  • ИИМ Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын Нарын жана Ысык-Көл облусу боюнча жетекчиси милициянын майору А.Билдебаев, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын ага ыкчам өкүлү Э.Токтосун уулу, ыкчам өкүл Б.Асанов, ыкчам өкүл А.Маратбек уулу ээлеген кызмат ордунан бошотулду;
  • Нарын ОИИБдин Ички иликтөө бөлүмүнүн ага ыкчам өкүлү У.Омоков ээлеген кызмат ордунан бошотулду;
  • Кочкор РИИБдин жетекчиси А.Абыкеевдин жоопкерчилиги Ички иштер органдарынын катарында кызмат өтөшү соттук кароолордун жыйынтыгынын негизинде каралат;
  • Кочкор РИИБдин жетекчисинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу Б.Эрменовго катуу сөгүш берилди;
  • Кочкор РИИБдин жетекчисинин орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу-кылмыш иликтөө кызматынын жетекчиси М.Алиевдин жоопкерчилиги ИИОнун катарында кызмат өтөшү соттук кароолордун жыйынтыгынын негизинде каралат;
  • Кочкор РИИБдин жетекчисинин орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу-коомдук коопсуздук кызматынын жетекчиси К.Садыбакасов менен Кочкор РИИБдин жетекчисинин кадрлар боюнча орун басары Н.Садыровго катуу сөгүш тартиптик жазасы берилди;
  • Кочкор РИИБдин жетекчиликтен жоопкерчиликтүү, милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн жетекчиси А.Абдыкеев, Кочкор РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү А.Капаров, Кочкор РИИБдин аймактык тескөөчүсү А.Мурзабек уулу ички иштер органдарынын катарынын биротоло бошотулду;
  • Кочкор РИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн ыкчам нөөмөткери З.Кожокматов, Кочкор РИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн нөөмөткөрүнүн жардамчысы Ч.Иманалиев ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Жыйынтыктап айтканда жалпысынан 22 кызматкер тартип жазасына тартылды, ээлеген кызмат ордунан 9 кызматкер бошотулду, 3 кызматкер ички иштер органдарынын катарынан бошотулду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9732