Адилет Балтабайга карата чыккан соттун өкүмү өзгөрдү. Сот активистти 5 жылга кести
RU

Адилет Балтабайга карата чыккан соттун өкүмү өзгөрдү. Сот активистти 5 жылга кести

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык соту жарандык активист, Next телеканалынын кабарчысы Адилет Балтабайга (Адилет Али Мыктыбек) карата буга чейинки өкүмдү өзгөрттү. Бул туурасында бүгүн, 12-январда Kaktus.media сайтына анын жактоочусу Такен Молдакулов билдирди.

Жактоочунун айтымында, Биринчи Май райондук прокуратурасы пробациялык көзөмөл боюнча биринчи инстанциядагы өкүмгө каршы даттанган. Шаардык сот апелляциялык арызды канааттандырып, Балтабайды беш жылга кести. Аны сот залынан убактылуу кармоочу жайга алып кетишти.

Жактоочу Жогорку Сотко кассациялык даттанаарын билдирди.

Эске салсак, Адилет Балтабай казинолорду мыйзамдаштырууга жана кассалык машиналарды милдеттүү түрдө орнотууга каршы митингдерге катышкан. Ал 2022-жылдын июнь айында 278-берененин 3-пунктунда каралган (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка чакыруу) кылмыш ишин жасаган деп айыпталып камакка алынган.

11-ноябрда сот Адилет Балтабайды күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыраткан. Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде активист жаза өтөөдөн бошотулуп, ага карата 3 жыл мөөнөткө пробациялык көзөмөл дайындалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9898