Марштын айрым катышуучуларынын кармалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берди
RU

Марштын айрым катышуучуларынын кармалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Массалык баш аламандык уюштурууга айыпталып камакка алынган активисттер, саясатчыларды колдоо маршында милиция кызматкерлери активистти, журналистти жана айрым катышуучуларды кармап кетишти.

ИИМдин имаратынын алдына чогулгандар өкмөт үйүнө бара жатканда милиция кызматкерлери чуу чыгарбай, плакаттарды таштоону талап кылышты. Баш ийбеген марштын катышуучуларын тартип сакчылары автозакка салып, Биринчи Май РИИБине алып кетишти.

Кармалгандардын арасында активист Адилет Балтабай жана маршты чагылдырып жүргөн "Политклиника" медиасынын журналисти Эркайым Асанканова да бар. Журналист тиешелүү документтерин көрсөткөндөн кийин коё берилди.

Ал эми Ички иштер министрлигинен жалпы 27 адам милиция бөлүмүнө жеткирилгенин кабарлашты. Министрликтен белгилешкендей, алар тынч чогулуштарды өткөрүү тартибин бузушту.

Жүрүштүн катышуучуларына Турдакун Усубалиев аянтынын аймагындагы митингдер мыйзамсыз экендиги бир нече жолу эскертилген. Бирок жарандар бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарын аткарбай, аталган аянтка карай кыймылын улантышты.

Жыйынтыгында Биринчи Май РИИБине 27 адам жеткирилип, 139-беренеге (Тынч чогулуштарды өткөрүү тартибин бузуу) жана 128-беренеге (Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө) ылайык укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлгөндөн кийин коё берилди. Ал эми 5 адамдын материалы сотко жөнөтүлдү.

Активисттер, саясатчылардын массалык кармалышы (57 статей)
Кемпир-Абад боюнча айыпталуучулардын камактагы мөөнөтү узартылды
30 Ноябрь 2023, 09:17
Вашингтондо кыргызстандыктар элчиликтин алдына митингге чыгышты. Сүрөт
26 Октябрь 2023, 09:48
Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын үчөө үй камагына чыкты
28 Август 2023, 13:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9866