Сот активист Адилет Балтабайды 5 жылга эркинен ажыратты. Бирок ал жаза өтөөдөн бошотулду
RU

Сот активист Адилет Балтабайды 5 жылга эркинен ажыратты. Бирок ал жаза өтөөдөн бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жарандык активист, Next телеканалынын кабарчысы Адилет Балтабайга (Адилет Али Мыктыбек) карата Биринчи Май райондук соту өкүм чыгарды.

Активист Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-пунктунда каралган (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка чакыруу) кылмыш ишин жасаган деп айыпталган.

Бүгүн, 11-ноябрда сот Адилет Балтабайды күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыратты. Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде активист жаза өтөөдөн бошотулуп, ага карата 3 жыл мөөнөткө пробациялык көзөмөл дайындалды.

Адилет Балтабай өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин 10 күндүн ичинде жашаган жери боюнча пробация органдарынын каттоосунан өтүшү керек, ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынат. Ал эми соттун өкүмү боюнча 30 күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна даттанса болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9236