Теңгиз Бөлтүрүктүн камактагы мөөнөтү 2 айга узартылды
2406
"Кумтөр Голд Компани" ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн камактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан кабарлашат.
Белгилүү болгондой, 2022-жылдын 29-декабрында Октябрь райондук соту Тенгиз Бөлтүрүктү 2023-жылдын 10-мартына чейин УКМКнын тергөө абагында камакта калтыруу тууралуу чечим чыгарды.
Теңгиз Бөлтүрүк "Кумтөр Голд Компанидеги" коррупциялык кылмыш фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Бишкектин Октябрь райондук соту Бөлтүрүктү 2023-жылдын 10-январына чейин УКМКнын СИЗОсунда камакта калтырган.
Ноябрь айында ага операция жасалган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/9855