"Кумтөрдүн" мурдагы аткаруучу директору аэропорттон кармалды
RU

"Кумтөрдүн" мурдагы аткаруучу директору аэропорттон кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кумтөр Голд Компани" ишканасынын мурдагы аткаруучу директору Канат Курманов өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган учурда кармалды. Маалыматты Kaktus.media редакциясы Башкы прокуратурадан ырасташты.

Белгиленгендей, 14-январда издөөдө жүргөн Курманов "Манас" эл аралык аэропортунан мамлекеттик чек араны кесип өтүүдө кармалган.

Ал Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүнө жеткирилип, соттун чечими менен Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге киргизилди.

Эске салсак, буга чейин "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын мурдагы тышкы менеджери Тенгиз Бөлтүрүккө бир нече беренелер боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9990