Клара Сооронкуловага дагы бир айып тагылды
RU

Клара Сооронкуловага дагы бир айып тагылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кемпир-Абад окуясы боюнча кармалган Клара Сооронкуловага дагы бир айып тагылды. Маалыматты Kaktus.media сайтына жактоочу Чынара Жакупбекова билдирди.

Айтымында, айыпталуучу Мирлан Ураимовго таандык билдирүүнү Facebook`тан бөлүшкөнү үчүн бийликти кулатууга чакырык жасаган деп айыпталууда.

"Билдирүү Ураимовду коргоо максатында уюштурулган #камасаңар баарбызды камагыла флешмобунун алкагында жарыяланган. Пост дээрлик бир жыл мурун жарыяланган, ошол эле маалда УКМК экспертиза дайындаган, бирок иш козголгон эмес. Эми алар Кемпир-Абад окуясы боюнча эч нерсе таппай, бир жыл мурунку басылмалардан кынтык издөөнү чечишти", - деп белгиледи жактоочу.

Жаңы айып боюнча Чынара Жакупбекова Сооронкулова менен сүйлөшкөн.

"Ал албетте нес болду. Эмне үчүн репост кылып жатканын ошол кездеги комментарийлерде түшүндүрүп берген", - дейт Чынара Жакупбекова.

Активисттер, саясатчылардын массалык кармалышы (57 статей)
Кемпир-Абад боюнча айыпталуучулардын камактагы мөөнөтү узартылды
30 Ноябрь 2023, 09:17
Вашингтондо кыргызстандыктар элчиликтин алдына митингге чыгышты. Сүрөт
26 Октябрь 2023, 09:48
Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын үчөө үй камагына чыкты
28 Август 2023, 13:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10277