Активист Атай Бейшенбекке дагы бир иш козголду. Ал октябрь окуясы боюнча
2022-жылы бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп айыпталган активист Атай Бейшенбекке карата дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу анын жактоочусу Тимур Султанов билдирди.
Жактоочунун айтымында, укук коргоо органдары төмөнкү беренелер боюнча айып тагышты:
- 213-берененин 4-бөлүгү "Имаратты же мекемени өз алдынча басып алуу". Жаза мөөнөтү 5 жылдан 10 жылга чейин.
- 278-берененин 2-бөлүгү "Массалык баш аламандык". Жаза мөөнөтү 5 жылдан 8 жылга чейин.
- 209-берененин 3-бөлүгү "Алдамчылык" өзгөчө ири өлчөмдө. Бул берене боюнча жаза айып пул же 3 жылга чейинки мөөнөт каралган.
"Алгачкы эки беренеде 2020-жылдын октябрь окуясы тууралуу айтылат. Үчүнчүсү боюнча ал боюнча иш мурда козголуп, токтотулган. Эми ал чечим жокко чыгарылды. Атай коюлган айыптардын эч бири боюнча күнөөсүн моюнга албайт", - деди жактоочу.
Активисттер, саясатчылардын массалык кармалышы
(55 статей)
Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын үчөө үй камагына чыкты
28 Август 2023, 13:11
Кемпир-Абад иши. Камактагылар мөөнөтсүз ачкачылык жарыялашты
22 Август 2023, 09:26
Кемпир-Абад окуясы. Рита Карасартова менен Атай Бейшенбек үй камагына чыгарылды
23 Июнь 2023, 18:30
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/10062