Кыргыз куткаруучулары урандыдан 7 жашар баланы жана кош бойлуу келинди аман алып чыгышты
RU

Кыргыз куткаруучулары урандыдан 7 жашар баланы жана кош бойлуу келинди аман алып чыгышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиядагы жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюуга барган кыргызстандык куткаруучулар дагы эки адамды аман-эсен алып чыгышты.

11-февралда саат 19:21 чамасында 22 жаштагы кош бойлуу келин аман-эсен куткарылды. Келин кош бойлуулуктун 6-айында.

Ал эми бүгүн, 12-февралда Алиайчичек аттуу 2016-жылы төрөлгөн бала куткарылды. Тилекке каршы, ал жерде баланын апасы жана агасы каза болуп калган. Алардын сөөгү чыгарылып туугандарына берилди.

Кыргызстандык куткаруучулар Кахраманмараш шаарынын аймактарында издөө, куткаруу иштерин жүргүзүшүүдө.

Түркия жана Сириядагы кыйроолорго алып келген жер титирөө (57 статей)
Түркия жер титирөөдөн 105 миллиард доллар чыгым тартты
17 Март 2023, 20:00
Түркияга берилген боз үйлөрдө окуучулар сабак окуп жатышат
13 Март 2023, 16:51
Түрк элине чогулган жардам дээрлик 99 миллион сом болду
9 Март 2023, 10:45
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10300