Түркияга берилген боз үйлөрдө окуучулар сабак окуп жатышат
RU

Түркияга берилген боз үйлөрдө окуучулар сабак окуп жатышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркияда жер титирөөлөрдөн кийин Кыргызстан жардам катары жөнөткөн боз үйлөр Кахраманмараш шаарына тигилген. Боз үйлөрдө окуучулар билим алуусун улантып жатканын ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев соцтармакка жазды.

Ал белгилегендей, жер титирөөдөн катуу запкы чеккен Кахраманмараш шаарына барышкан.

"120дан ашуун боз үйлөр мына ушул жерге тигилген. Боз үйлөр шаарчасына келгенде эң оболу көзүбүзгө илинип турган эки желек көзүбүзгө урунду. Кыргыз желеги чоң, түрк желеги биздикинен бир кыйла эле көлөм жагынан кичи экен. Түрк туугандарыбыздан бул тууралуу сурадык. "Эки желек көлөмү жагынан бирдей эмес, бирок кыргыз желегинин чоңдугу биздин кыргыз элине, өлкөсүнө болгон сыйыбыз, урматыбыз! Эң оор күндөрү кыргыз боорлорубуз биринчилерден болуп келди…Сиздерге ыраазыбыз!" деп жооп беришти.

Боз үйлөрдүн ар биринде жапа чеккен адамдар жашайт. Боз үйдө окуучулар сабак окуп жатат. Биздин боз үйлөрдө медпункт, психологиялык жардам, тамак ичүүчү жай бар. Түрк туугандарыбыз "эң ыңгайлуу боз үйлөр экен" деп, текши ооздон айтты…

Эл менен жолугуп сүйлөштүк, ал-акыбалын сурадык. Жардам бердик. Түркиянын энергетика жана табигий ресурстары министри Фатих Дөнмез, губернатор Хайдар Мете менен бирге эл менен жолуктук.

Эң эле кызыгы Кахраманмарашта да өз колубуз менен аш (плов) жасап бердик. Жапа чеккен боордошторубуздун ыраазылык сөзүн уктук. Азап тартып, кыйналып турган адамдардын ыраазылыгы башкача болот", - деп жазды Раев.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жалпы 160 боз үй даярдалып, атайын борт менен Түркияга жөнөтүлгөн.

Түркия жана Сириядагы кыйроолорго алып келген жер титирөө (57 статей)
Түркия жер титирөөдөн 105 миллиард доллар чыгым тартты
17 Март 2023, 20:00
Түрк элине чогулган жардам дээрлик 99 миллион сом болду
9 Март 2023, 10:45
Түрк сейсмологу кастыкты козуткан деген шек менен кармалды
2 Март 2023, 09:17
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10885