Түркия жер титирөөдөн 105 миллиард доллар чыгым тартты
RU

Түркия жер титирөөдөн 105 миллиард доллар чыгым тартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиядагы жер титирөөдөн кийинки материалдык чыгым 105 миллиард долларды түздү. Бул түрк лирасы менен эки триллион болот.

Мындай маалыматты Түркиянын Каржы министрлигине шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышат.

"Жер титирөөдөн кийинки материалдык чыгым эки триллион лирди түздү. Бул 1999-жылы Мрамор деңизинин аймагында болгон жер титирөөдөгү чыгымдан болжол менен 6 эсе көп. Бул сумма 2023-жылга карата күтүлүп жаткан Түркиянын жылдык кирешесинин 9 пайызын түзөт", - деген каржы министри TRT Haber телеканалына.

Эске салсак, Түркиянын Кахраманмараш провинциясында февраль айында магнитудасы 7,7 жана 7,6га жеткен жер титирөө болгон. Кырсыктын кесепетинен 49 миңден ашык адам курман болду.

Түркия жана Сириядагы кыйроолорго алып келген жер титирөө (57 статей)
Түркияга берилген боз үйлөрдө окуучулар сабак окуп жатышат
13 Март 2023, 16:51
Түрк элине чогулган жардам дээрлик 99 миллион сом болду
9 Март 2023, 10:45
Түрк сейсмологу кастыкты козуткан деген шек менен кармалды
2 Март 2023, 09:17
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10984