Түрк элине чогулган жардам дээрлик 99 миллион сом болду
RU

Түрк элине чогулган жардам дээрлик 99 миллион сом болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн кыргызстандыктар дээрлик 99 миллион сом каражат топтошту.

Каржы министрлигинин бүгүн, 9-мартка карата маалыматына ылайык, атайын эсепке 98 млн 969 миң 794 сом, 18 миң 250 рубль жана 65,67 доллар түштү.

Жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евродо валютасында каражат которо алышат.

Эске салсак, Түркиянын түштүгүндө 6-7-февраль күндөрү жер титирөөлөр катталган. Андан кийин дагы жер титирөөлөр кайталанып, кыйроолор, жоготуулар менен коштолгон. Кырсыктын кесепетинен жалпы 46 миң 104 адам (7-февралга карата) каза болгон.

Түркия жана Сириядагы кыйроолорго алып келген жер титирөө (57 статей)
Түркия жер титирөөдөн 105 миллиард доллар чыгым тартты
17 Март 2023, 20:00
Түркияга берилген боз үйлөрдө окуучулар сабак окуп жатышат
13 Март 2023, 16:51
Түрк сейсмологу кастыкты козуткан деген шек менен кармалды
2 Март 2023, 09:17
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10703