Кыргыз куткаруучулары тирүү адам жок деген аймактагы урандыдан 3 адамды аман алып чыгышты
RU

Кыргыз куткаруучулары тирүү адам жок деген аймактагы урандыдан 3 адамды аман алып чыгышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркияда жер титирөөдөн 13 күн өткөндөн кийин кыргыз куткаруучулары 3 адамды тирүү табышты. ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, адамдар 6 кабаттуу үйдүн алдында калып калышкан.

Хатай облусунун Антакья шаарындагы бөлүнгөн тилкеде дээрлик 100 пайызга тирүү адам калган эмес дешкен. Бирок кыргыз куткаруучулары 3 адамды 13 күндөн кийин тирүү куткарып калышты.

Урандынын астында калган жаран менен сүйлөшүүгө аракет кылган куткаруучулар ал жакта жалпы 5 адам бар экендигин айткан. Натыйжада куткаруучулар 1 саат аралыгында бир үй-бүлө мүчөлөрүн толугу менен куткарып чыгышкан.

Алдын ала маалымат боюнча 40 жаштагы эркек 30-35 жаш чамасындагы аял киши (жубайы), 12 жаштагы уулун тирүү сактап калышты. Ал эми 18 жаштагы кыз, 7-10 жаштагы бала каза болуп калган.

Түркия жана Сириядагы кыйроолорго алып келген жер титирөө (57 статей)
Түркия жер титирөөдөн 105 миллиард доллар чыгым тартты
17 Март 2023, 20:00
Түркияга берилген боз үйлөрдө окуучулар сабак окуп жатышат
13 Март 2023, 16:51
Түрк элине чогулган жардам дээрлик 99 миллион сом болду
9 Март 2023, 10:45
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10388