Эльвира Сурабалдиева: Ак-Ордо окуясынан кийин коомчулук соттун чечиминен күмөн санап жатат
RU

Эльвира Сурабалдиева: Ак-Ордо окуясынан кийин коомчулук соттун чечиминен күмөн санап жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева Жогорку Соттун жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрүнөн Ак-Ордо конушундагы үйдүн сүрдүрүлүшү боюнча резонанс жараткан окуя боюнча позициясын билдирүүнү суранды.

Депутат белгилегендей, айрым маалыматтар боюнча бул жер мыйзамсыз курулган. Жогорку Соттун тиешелүү чечими бар. Ал Жогорку Соттун төрайымынын орун басары Нургүл Бакировадан кырдаал боюнча комментарий берүүнү суранды.

"Бул окуя кызуу талкууну жаратты. Мен да бул ишке кызыктым. Бирок мыйзам боюнча негиздүү же негизсиз деп комментарий бере албайм. Бул иш үч инстанцияда административдик жана жарандык тартипте каралган. Юридикалык жактан алганда Мен чечимге баа берсем туура эмес болуп калат", - деди Бакирова.

Ал жоопко Сурабалдиева коомчулук Жогорку соттун бул чечими мыйзамсыз экени тууралуу маалыматты билет деп комментарий берди.

"2020-жылы Шаболотова сотко кайрылган. Ал айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы токтомун жана 2017-жылы мамлекеттик актыны каттоону жараксыз деп табуу өтүнүчү менен кайрылган. Биринчи инстанциядагы сот анын укук белгилөөчү документтери жок болгондугуна байланыштуу доо арызды канааттандыруусуз калтырган. Сот экинчи инстанция жана Жогорку Сот бул чечимди күчүндө калтырган. Анын баары административдик тартипте, кийинчерээк бул иш жарандык процессте ошол чечимдердин негизинде каралган. Эми мыйзам боюнча мен бул чечимдер мыйзамсыз дп айта албайм. Эгерде чечим мыйзамсыз деп табылган болсо, анда мен бул тууралуу билбейм", - деди Бакирова.

Сурабалдиева белгилегендей, мындай кырдаалда бүтүндөй сот системасынын ишенимдүүлүгү боюнча суроо жаралып жатат. Себеби, коомчулукта соттун башка чечимдерине ансыз деле күмөн бар. Жогорку сот бул ишти так такташы керек, деп эсептейт депутат.

Андан соң ал Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаеванын жерлерге мунапыс берүү боюнча жобонун 27-пунктун алмаштыруу боюнча пикирине кызыкты.

"Мыйзам боюнча мунапыстын белгилүү бир мөөнөтү бар. Бул мунапыс 2021-жылдын декабрынан ушул жылдын аягына чейин. Ал эми 27-пунктуна келсек, кат жүзүндө кайрылсаңыздар өз пикирибизди айтабыз", - деп жооп берди Башкы прокурордун орун басары.

Эске салсак, 3-мартта "Ак-Ордо" жаңы конушунда соттун чечими менен Марал Шаболотованын үйү сүрдүрүлгөн. Бул участок сот тарабынан коңшулаш жашаган башка аялдын менчиги деп табылган.

Окуя резонанс жаратып, президент Садыр Жапаров Шаболотованын үй-бүлөсүнө барган. Кийинчерээк Жапаровдун тапшырмасы менен бузулган турак жайдын ордуна Шаболотовага жаңы үй курула турганы белгилүү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10774