Ак-Ордодогу үйдүн бузулушу. Жергиликтүү кеңештин депутаты 5 суткага камалды
RU

Ак-Ордодогу үйдүн бузулушу. Жергиликтүү кеңештин депутаты 5 суткага камалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ак-Ордо-3 конушунда үй буздурган жерде ызы-чуу салган жеригилктүү кеңештин депутаты 5 суткага камакка алынды. Бул туурасында Чүй ОИИББдин маалымат кызматынан Kaktus.kg сайтына билдиришти.

Белгилүү болгондой, 3-март күнү Новопавловка айылынын Ак-Ордо-3 жаңы конушунда Марал Шаболотованын үйү сүрдүрүлүп, жергиликтүү жашоочулар нааразычылык билдирип чогулушкан. Жерине Новопавловка айылдык кеңешинин депутаты, буга чейин Ак-Ордо жаңы конушунун квартальныйы болуп иштеген К.Т. (1985-жылы туулган) барып, коомдук жайда жалпыга бирдей жүрүм-турум ченемдерин жана коомдук тартипти одоно бузуп, жарандарды оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, алардын тынчтыгын бузган.

Чогулган эл эки жаатка бөлүнүп, алардын ортосунда жаңжал чыккан. Коомдук тартипти сактоо боюнча кызмат өтөп жаткан Сокулук РИИБдин кызматкерлери эки тараптуу уруштун алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин нааразы болгон эл тарап кетишкен.

Элди экиге бөлүп, коомдук тартипти одоно бузуп, эл арасында уруш чыгарган Новопавловка айылдык кеңешинин депутаты К.Т. Сокулук РИИБине жеткирилип, ага 126-беренеси (майда бейбаштык) менен протокол түзүлгөн. Сокулук райондук соту тарабынан К.Т. аттуу жаранга 5 суткага камакка алуу чечими чыкты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10736