Ак-Ордодогу окуядан кийин Чүйдүн башчысы, Сокулуктун акими кызматтан алынды
RU

Ак-Ордодогу окуядан кийин Чүйдүн башчысы, Сокулуктун акими кызматтан алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров "Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамдын аткарылышы боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Анда натыйжалуу иш алып барбаган жетекчилерге нааразы болуп кызматтан алды.

Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, былтыр апрель айында мамлекет башчы кол койгон мыйзамда жер мунапысы жарыяланган. Ага ылайык, өлкө жарандары мыйзамсыз курулган жерлерди мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк алышкан.

Жергиликтүү бийлик башчыларына тиешелүү иштерди ыкчам жүргүзүп, жер тилкелерине уруксат берүүчү документтерин элге берүү тапшырмасы берилген.

Бирок жыл жыйынтыгы менен Садыр Жапаров бул мыйзамдын жоболорун ишке ашыруу боюнча иш канааттандырарлык эмес экендигин, өзгөчө Чүй облусунда терс көрүнүштөр менен коштолуп жатканын белгиледи.

Ал мындай маселелерди тез арада чечүү үчүн президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана акимдеринин ыйгарым укуктары кыйла кеңейтилгенин эске салды.

Мамлекет башчы кошумчалагандай, кабыл алынган мыйзамга карабай, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев аны ишке ашыруу боюнча жетиштүү чараларды көргөн эмес. Жыл ичинде Сокулук району боюнча болгону 341 кызыл китеп берилген.

Мындан башка Садыр Жапаров мисал катары Чүй облусунун Аламүдүн районунун акими Бактибек Анаркуловду келтирди, ал жер мунапысы боюнча түзүлгөн комиссиянын ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгында ээлеген кызматынан бошотулган. Аламүдүн районунда жер амнистиясына жамынып, эч нерсе курула элек айдоо жерлер трансформацияга түшүп калган фактылар аныкталган.

Бул багытта канааттандырарлык эмес иш алып баргандыгы үчүн Садыр Жапаров Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевди жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан алууну тапшырды.

Мамлекет башчысы ошондой эле өлкөнүн башка аймактарында, өзгөчө Чүй жана Ош облустарында, Ош шаарында жер амнистиясынын аткарылышын текшерүүнү тапшырды.

Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 "Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 27-пунктун алып салуу маселесин кароону тапшырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10712