Кадыр түн 18-апрелге караган түнү белгиленет. Кантип тосуу керек?
RU

Кадыр түн 18-апрелге караган түнү белгиленет. Кантип тосуу керек?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Быйыл Кадыр түн 17-апрелден 18-апрелге караган түнгө туш келет. Бул туурасында Муфтияттан билдиришти.

"Орозо айынын 27-күнүнө караган түн Кадыр түн деп эсептелет. Бирок Куранда Кадыр түн Орозонун акыркы он түнүнүн биринде келери айтылган. Аалымдар Орозо айынын 26сынан 27-күнүнө караган түндү Кадыр түнгө жакын деп эсептешкен", - деп айтылат маалыматта.

Кадыр түн

Кадыр түн кыргызча аталышы, арабча - Ляйлятуль-Кадр же Аль-Кадр деп айтылат. Так ушул күнү Мухаммед пайгамбарга Жабраил периштеси түшүп, Куран китебин берген, дейт. Ал түн Орозо айынын акыркы он түндөрүнүн бири болчу экен.

Кадыр түн кантип аныкталат?

Мухаммед пайгамбардын хадистеринде бул түн башка учурларда болбогондой өзгөчө жайбаракат жана тынч болот деп жазылган. Кадыр түндө жада калса бактар жерге чейин ийилип турат деп айтылган. Бирок аны диний статусу жогору, руханий дүйнөсү бийик адамдар гана көрө алат.

  • Түндүн мелүүн тартып турганы (бул түн жергиликтүү климаттык шарттар үчүн өтө ысык эмес, өтө муздак эмес болот)
  • Ай жарык болот.
  • Жылдыздар учпайт.

Кадыр түндү кантип тосуу керек?

Кадыр түндүн алдында гусул алынат. Андан тышкары жаман ойлордон арылуу керек. Бул түнү бардык кетирген күнөөлөр үчүн кечирим сурап, дуба кылыш керек. Анткени так ушул учурда кийинки Кадыр түнгө чейин бир жыл бою боло тургандардын бардыгы жазылат

Кадыр түндө эмнелерди кылганга болбойт?

  • Ичимдик ичкенге;
  • Ушакташып, жөнү жок сөздөрдү сүйлөгөнгө;
  • Бул түнү уктаганга;
  • Жаман нерселерди айтып, башкаларды урушканга;
  • Кино же көңүл ачуучу программаларды көргөн болбойт.

Кадыр түндү кайдан тосуш керек?

  • Көңүл ачуучу жайлардан тоскон болбойт. Кадыр түндү үйдөн же мечиттен тосуу зарыл. Жалгыз же жамаат менен бирге.
  • Бул түнү өткөрүп салган намаздар, Куран окулат. Өткөн-кеткен катачылыктарга анализ жүргүзүлүп, эски таарынычтар кечирилет. Келечекке пландар курулат.
Орозо-2023 (6 статей)
Курман айттын датасы белгилүү болду
19 Июнь 2023, 09:42
Орозодо кайсы азыктарды чектөө керек? Туура тамактануу боюнча адистердин кеңеши
23 Март 2023, 17:56
Орозо айынын аймактар боюнча календары
22 Март 2023, 18:00
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11063