Курман айттын датасы белгилүү болду
RU

Курман айттын датасы белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Быйыл Курман айт майрамы 28-июнда белгиленет. Маалыматты Муфтияттан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 19-июнь Зул-Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан 27-июнь арапа күнү, 28-июнь Курман айт майрамы.

Курмандык чалуунун эрежелери.

  • Курмандыкка бодо мал - төө, уй жана койлор жарайт. Жапайы кийик, аркар-кулжа жана элик сыяктуулар курмандыкка жарабайт.
  • Жылкы курмандыкка чалынбайт. Уйлардын катарына топоз, койлордун катарына эчки кирет.
  • Малдын жашы - төө төрткө толуп бешке кетиш керек. Уйлар эки жаштан өйдө болуусу зарыл. Ал эми койдун козусу жана эчкинин улагы алты айдан ашкан болушу шарт.
  • Сокур, чалыр, аксак, оорукчан, өтө арык, кулагы жана куйругу таптакыр кесилгендер курмандыкка жарабайт. Ал эми кулагы же куйругу бир аз кесилген жана бычылган мал жарайт.
  • Кой менен эчкинин курмандыгы бир адамдын атынан болот. Ал эми төө менен уйду жети адамга чейин же андан кем адам чалуусу зарыл. Жети адамдан ашса болбойт.
Орозо-2023 (6 статей)
Кадыр түн 18-апрелге караган түнү белгиленет. Кантип тосуу керек?
12 Апрель 2023, 14:45
Орозодо кайсы азыктарды чектөө керек? Туура тамактануу боюнча адистердин кеңеши
23 Март 2023, 17:56
Орозо айынын аймактар боюнча календары
22 Март 2023, 18:00
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12965