Курман айттын алдын ала датасы белгилүү болду
RU

Курман айттын алдын ала датасы белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Курман айттын алдын ала датасы белгилүү болду. Быйыл майрам 17-июнга туура келет. Бул тууралуу Казакстандын министрлер кабинети менен муфтиятынын сайтында маалымдалды.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы Kaktus.media сайтына билдиргендей, так дата июнь айынын башында белгилүү болот. Муфтият Кыргызстандагы майрамдын датасын айтаары менен редакция материалды жаңылайт.

Курман айт орозо айы бүткөндөн кийин 70 күн өтүп майрамдалат.

Курман айт былтыр 28-июнда белгиленген.

Курмандык чалуунун эрежелери.

  • Курмандыкка бодо мал - төө, уй жана койлор жарайт. Жапайы кийик, аркар-кулжа жана элик сыяктуулар курмандыкка жарабайт.
  • Жылкы курмандыкка чалынбайт. Уйлардын катарына топоз, койлордун катарына эчки кирет.
  • Малдын жашы - төө төрткө толуп бешке кетиш керек. Уйлар эки жаштан өйдө болуусу зарыл.
  • Ал эми койдун козусу жана эчкинин улагы алты айдан ашкан болушу шарт.
  • Сокур, чалыр, аксак, оорукчан, өтө арык, кулагы жана куйругу таптакыр кесилгендер курмандыкка жарабайт.
  • Ал эми кулагы же куйругу бир аз кесилген жана бычылган мал жарайт.
  • Кой менен эчкинин курмандыгы бир адамдын атынан болот. Ал эми төө менен уйду жети адамга чейин же андан кем адам чалуусу зарыл. Жети адамдан ашса болбойт.
Орозо-2023 (7 статей)
Курман айттын датасы белгилүү болду
19 Июнь 2023, 09:42
Кадыр түн 18-апрелге караган түнү белгиленет. Кантип тосуу керек?
12 Апрель 2023, 14:45
Орозодо кайсы азыктарды чектөө керек? Туура тамактануу боюнча адистердин кеңеши
23 Март 2023, 17:56
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16227